Биз менен байланышыңыз

Минкабдагы алмашуулар: Кеткен жана кайра келген министрлер

Саясат | 7 Сен 2023 | 573 | 0

Бүгүн, 7-сентябрда Министрлер кабинетинде бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Алсак, билим берүү берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев «жүктөлгөн милдеттерин жетиштүү аткара албады» деген жүйө менен кызматынан алынды. Анын ордун министрдин биринчи орун басары убактылуу ээледи. Мындан тышкары саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мурунку кызматына кайра барды. Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов Инвестицияларды тартуу агенттигине жетекчи болду. Азыркы саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова эмгек министринин милдетин аткармай болду. Мындан башка да кадрдык өзгөрүүлөр бар. Учурда коомчулук бул өзгөрүүлөрдү талкуулап жаткан чагы. 

Мындай кадрдык алмашуулар коомчулукта эки ача пикир жаратууда. Кээ бири колдосо, айрымдары убакыт берүү керектигин, өлкөдө туруктуулук болгондо гана реформалар ишке ашып, өнүгүү болорун айтышууда.

Жарандык активист Мавлян Аскарбековдун айтымында, кыска мөөнөттө кадрларды алмаштыруу мамлекеттүүлүккө доо кетирет. Анткени министрлик чоң саясий кызмат. Алар башка өлкөнүн министрлери, инвесторлор менен келишим түзөт. Ал учурда башка министр, ишке ашырууга келгенде башка министр отурса, баары иштешүүдөн баш тартат.

«Кадрдык стабилдүүлүк болбосо, Президент койгон тапшырмалар, реформалар ишке ашпайт. Бул бир эле мекемеге эмес, мамлекетке, бүтүндөй институтка доо кетирип жатат. Кандай гана кызматта болбосун, стабилдүүлүк керек. Жок дегенде бир адам бир кызматта үч жыл же беш жыл болушу керек. «Андан кийин башка жакка кетиши керек же жогорулашы керек» деген сунушту буга чейин деле бир нече жолу айткам. Кадрлардын бат-баттан алмашканы, түшүнүксүз кадрлардын, кылмыш иши козголгон министрлердин кайра кызматка келиши — биздин ички маселеге эмес. Биз кошуна мамлекеттерге, алыскы өлкөлөргө, эл аралык уюмдарга, инвесторлорго уят болуп жатабыз».

Мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу боюнча эксперт Азамат Аттокуровдун пикиринде, Президент өзү тандап, ишенген кадрларды кайра алмаштырганы, кандай маселе менен алып, кандай маселе менен кайра эскилерди койгону түшүнүксүз болуп жатат.

 «Балык башынан сасыйт» деген нерсе болуп жатат. Ажобуз аткаруу бийлигинин башчысы. Кадр саясаты Президенттин мойнунда. Кандай маселе менен алып, кандай маселе менен кайра дайындап жатканы түшүнүксүз болууда. «Кумтөргө» Теңгиз Бөлтүрүктү «кепилдик берем» деп дайындап, кайра аны алып, коррупция иши боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул жерде кадрды жакшы тандай албагандыгы, өзүнүн командасынын жоктугу — Садыр Жапаровдун жана Акылбек Жапаровдун мойнунда. Мурда иштей албагандардын кайра келип жатканы — чоң көйгөй».

Ал эми «Санарип мугалим» долбоорунун жетекчиси Асылбек Мадалиев алты ай аралыгында билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин кандай иштегенине баа берүү кыйын экенин белгилейт. Анткени бул министрлик — эң чоң тармак. Антсе да ал министрдин кеткенин туура деп баалайт. Себеби жаңы окуу жылына карата уюштуруу, даярдоо иштеринде кемчиликтер болгон.

«Алты айдын ичинде министрдин ишине баа берүү кыйын. Каныбек Иманалиевдин кетүүсүнө бир нече себеп бар. Жаңы окуу жылына мектептердин даярдыгы, уюштуруу иштери, министрликтин көйгөйлөрдүн алдын алып, мобилдүү чечим кабыл албагандыгы анын кетүүсүнө түрткү болуп калды. Китеп таңкыстыгы буга чейин эле көйгөй болуп келген, бирок мынчалык чоң маселеге айланган эмес. Бийлик бул тармакты жеңил, оңой, саясий бир кызмат орун катары көрбөшү керек. Кийинки келе турган адамды да кайра-кайра алмаштыра бербей, ошол тармактын адамы келиши керек деп ойлойм».

Астана шаарындагы Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов билим берүү тармагында туруктуулук болбосо, өнүгүү мүмкүн эмесин айтат. Ошондой эле тандалган кадрга жана анын командасына ишеним көрсөтүп, убакыт берүү керектигин белгилейт.

«Өзгөрүүлөр абдан көп болуп, туруктуулук жок болуп жатат. Албетте, бул көрүнүш билим берүү тармагына терс таасирин тийгизет. Менимче, жетекчи болуп келген адамга мөөнөт берүү керек. Туура команда топтоп, аны менен иштешине, билим тармагын алдыга жылдырышына колдоо көрсөтүү керек. Аларга жок дегенде үч жыл берип, койгон пландарын ишке ашырууга жардамчы болуу керек. Кайра-кайра алмашуу болгондо өсүү эмес, артка кетүү көбүрөөк болуп калат».

Айта кетсек, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев бул кызматка алты ай мурун дайындалган. Ошол эле учурда коррупцияга шектелип кызматынан кеткен саламаттыкты сактоо министри кайра ордуна келди. Ал эми Социалдык өнүгүү, эмгек жана миграция министрлигине мурдагы саламаттыкты сактоо министри барды. Ошол эле убакта Антимонополия кызматына кечээ жаңы жетекчи дайындалып, бүгүн кайра ишинен алынды. Санарип министри Талант Иманов кызмат орун алмаштырып, инвестициялар агенттигине жетекчи болуп кетти.

Copyright © 2017 Maral FM