Биз менен байланышыңыз

Саламаттыкты сактоо министри эми Эмгек министрлигине барат

Кыска кабар | 7 Сен 2023 | 163 | 0

Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Гүлнара Баатырованын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Ушул эле күнү Кудайберген Базарбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Гүлнара Баатырова саламаттыкты сактоо министри болуп 2022-жылдын сентябрында дайындалган. Ал Кыргыз мамлекеттик медицина институтун врач-дарылоочу кесибин аяктаган.

2001-2013-жылдары Ош облусунун Кара-Суу райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык аккредитациялоо комиссиясынын төрайымы болуп иштеген.

Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү да болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM