Биз менен байланышыңыз

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы алмашты

Кыска кабар | 6 Сен 2023 | 240 | 0

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы алмашты. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, кызматтын төрагалыгына Айбек Мамыралиев дайындалды.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматын буга чейин Кеңешбай Тайлаков жетектеп келген. Ал 14-августта өз арызы менен кызматтан кеткени маалымдалды. Тайлаков бул кызматта 2022-жылдын февралынан 2023-жылдын августуна чейин иштеди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM