Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы «Дордой» базарындагы нааразылык боюнча түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 5 Сен 2023 | 407 | 0

Мамлекеттик салык кызматы «Дордой» базарында салыктын өлчөмү өзгөрбөгөнүн жана жогорулабаганын билдирди. Бир күн мурун соодагерлер салык көтөрүлүп жатканын айтып, нааразылык акциясына чыгышкан. 

Салык кызматы ушул жылдын август айында «Дордой» конушунда текшерүү иш-чараларын өткөргөн. Анда соода жайлардын жайгашуусу боюнча электрондук карта түзүү да каралган. Жыйынтыгында салык мыйзамдарын бузган 800дөн ашык контейнерге жана кампага мөөр басылган. 

«Дордой» конушундагы контейнерлер жана кампалар ишкердик үчүн эмес, турак жай курууга арналган короо-жай алдындагы жер тилкелеринде жайгашканы аныкталган. Бул тилкелер тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз жана салыктарды төлөбөстөн, кампа жана өндүрүш имараттары жайгашкан өнөр жай аймагы катары пайдаланылган.

Мындан тышкары 370 млн сомдук эсепке алынбаган товарлары бар 117 ишкер аныкталган. Аларда товарларын тастыктаган документтер жок болуп чыккан.

Өлкөнүн салык мыйзамдарына ылайык, товарларды тиешелүү коштоочу документтери жок сатып алган ишкерлер салык агенти катары бюджетке сатып алынган товардын наркынын 10 пайызын киреше салык катары төлөөгө милдеттүү. 

Айрым ишкерлер бул 10% өлчөмүндөгү киреше салыгын төлөө милдетин салыкты көбөйтүү катары түшүнгөн. Ошол эле учурда айрымдар кошумча эсептелген салыктарды төлөй башташкан. 

4-сентябрда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары И. Кыдыргычов митингге чыккандар менен жолугуп, аларга салык мыйзамдарынын ченемдерин, ошондой эле бардык ишкерлерге адилеттүү шарттарды түзүү максатында салык төлөө зарылдыгын түшүндүргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM