Кыргызгидромет билдиргендей, 6-сентябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25,
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25,
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +11…+13, күндүзгү жогорку температура +24…+26 градус болот.