Биз менен байланышыңыз

Сочи: Дан келишими боюнча мунаса табылган жок

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Сен 2023 | 227 | 0

Орусия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин жана Режеп Тайип Эрдоган 4-сентябрда Сочиде сүйлөшүү өткөрүштү. Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдагандай, жолугушуунун жыйынтыгында эч кандай документтерге кол коюлган жок.

Түркия менен Орусиянын мамлекет башчыларынын сүйлөшүүсү жалпысынан үч саатка созулду. Анын жыйынтыгында биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

Дан келишимин калыбына келтирүү боюнча мунаса табылган жок. Владимир Путин Батыш өлкөлөрү Орусияны Москваны келишимден чыгууга «мажбурлаганын» айтты.

Ал Москва орус агропродукциясын экспорттоого коюлган чектөөлөр алынгандан кийин «дан келишимин» жандандыруу мүмкүнчүлүгүн караштырууга даяр болорун кошумчалады.

Путин Орусия Түркия аркылуу эң жакыр өлкөлөргө 1 миллион тоннага чейин данды жеңилдетилген баада жеткирүүгө даяр экенин айтты.

Ал эми Эрдоган Путин менен сүйлөшүүдөн кийин «дан келишими» боюнча чечим жакын арада макулдашыларын билдирди.

Киев менен Москва Түркия жана БУУнун ортомчулугу алдында дан экспортун кайра жандантуу келишимине былтыр 22-июлда Стамбулда кол коюшкан. Келишимдин мөөнөтү улам узартылып келе жаткан. Андан бери Украинадан 30 миллион тонна буудай жана башка айыл чарба азыктары экспорттолду.

4-июлда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги дан боюнча келишимди узартууга негиз көрбөй турганын, дүйнө базарына Орусиянын азык-түлүгүн жана жер семирткичин экспорттоо боюнча абал жакшырбаганын белгилеп, келишимден чыгып кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM