Биз менен байланышыңыз

УТРКнын башкы директоруна сөгүш жарыяланды

Кыска кабар | 4 Сен 2023 | 916 | 0

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Болотбек Тиллебаевге жүктөлгөн эмгек милдеттерин жетиштүү деңгээлде аткарбаганы үчүн  сөгүш жарыяланды.

Тийиштүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгону 4-сентябрда кабарланды.

Президенттин жарлыгы менен Болотбек Тиллебаев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп быйыл мартта дайындалган.

Болотбек Тиллебаев 51 жашта. Эки жогорку билимге ээ: «Дастан» технологиялык университетин жана КР Президентине караштуу башкаруу академиясын «менеджмент» багытында аяктаган.

1990-1992-жылдары «Обон» үн жазуу студиясында оператор жана үн инженери болуп иштеген. 1992-1994-жылдары-Жалал-Абад облустук телерадио компаниясынын оператору, видеомонтаж режиссёру жана видеоинженери болгон. 1994-2003-жылдары бир нече программаларды алып барган.

2014-жылы КТРКнын башкы директору кызматына документ тапшырган. Кийин кысым көрсөтүлүп жатканын айтып, акыры шайлоодон талапкерлигин алып салган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM