Биз менен байланышыңыз

 «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы жаңы учак сатып алат

Кыска кабар | 4 Сен 2023 | 237 | 0

«Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы жүргүнчү ташуучу Airbus A330 жаңы учагын сатып алат. Бул тууралуу «Манас» аба майданынын басма сөз кызматы кабарлады.

Учак 2024-жылдын башынан баштап каттамдарды аткарат.

Жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу 293 адам (бизнес жана эконом класс менен бирге). Учактын учуу аралыгы 13 400 чакырымга чейин. Бул аралык Таиланд, Вьетнам, Сауд Арабия Падышалыгы, Шри Ланка, Стамбул жана Анталия шаарларына учууга мүмкүнчүлүк берет.

«Аэро Номад Эйрлайнс» 2021-жылы түзүлгөн кыргызстандык авиакомпания. Ага караштуу төрт А-320 учагы бар.

Авиакомпания Кыргызстандан Пакистандын Исламабад, Лахор, Пешавар жана Мултан сыяктуу шаарларына, Индиянын Дели шаарына, Ош-Москвага туруктуу жана чартердик каттамдарды аткарат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM