Биз менен байланышыңыз

Украина 100 млрд доллардай аскердик жардам алды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Сен 2023 | 213 | 0

2022-жылдын февраль айынан бери эл аралык өнөктөштөр Украинага 100 миллиард долларга жакын аскерий жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Украинанын коргоо министри Алексей Резников кызматтан кетер алдында «Укринформ» агенттигине берген маегинде билдирди.

Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдагандай, колдоонун жарымынан көбү – 60 миллиард долларга жакыны Америка Кошмо Штаттарынан келген.

Батыш саясатчылары Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү улантуу зарылдыгын жарыялашкан. Киев өнөктөштөрүнөн куралдын жаңы түрлөрүн, анын ичинде орто аралыкка учуучу учактарды жана ракеталарды сурап жатат. Ошол эле учурда айрым эксперттер эгер Киев 2023-жылдагы чабуулдарда байкаларлык ийгиликке жетпесе, аскердик жардам кыскарышы мүмкүн деп болжолдошууда.

Украинага союздаштардын берген жардамы орус армиясынын жылдык чыгымынан эки эсеге көп. Орусиянын аскердик бюджети 43,5 миллиард долларды түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM