Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы лотереянын айрым жеңүүчүлөрүн издеп жатат. Тизме

Кыска кабар | 4 Сен 2023 | 168 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 26-июнунан 1-июлуна чейин өткөрүлгөн «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын биринчи этабынын айрым жеңүүчүлөрү байгесин алууга келбей жатышканын билдирди. 

Байге ээлери 1132 адам болсо, анын 46сына байланышуу мүмкүн болбой жатат. Салык кызматы жеңүүчүлөрдүн тизмесин жарыялады.

iPhone 14:

Рашит уулу Темирлан, Миржан Балыбаев, Үмүткөр Токтогожоева, Ферузахон Колмуратова, Лира Кучукбаева, Гүлзада Мамбеталиева, Маматжусуп Разыков, Мелисбек Токонов, Ахматали Халбеков, Алия Шамсутдинова, Мээрим Истамова, Руслан Мурсабеков, Бүүжан Салиева, Нургазы Тойчубеков, Карим Юнусов.

Смартфон:

Акылбек уулу Үсөн, Бактыгүл Базарбаева, Эмиль Закиров, Бекнур Нарматов, Айдарбек кызы Алтынай, Эрнис Ибраев, Динара Рысбекова, Мадина Салиева, Бегаалы Чикетаев, Мырзайым Абдулкадырова, Аида Акматалиева, Асанбек кызы Нурзада, Ырысбек Ашимов, Нуризат Биймырзаева, Зебинисо Камалова, Жанарбек Мамыров, Зухра Рахмонбердиева Жамиля Сагынбекова, Нурдин Наралиев, Мукай Раимканов, Адинай Султангазиева, Бакытбек Термечиков, Андрей Балабанов.

Ноутбук:

Бекжан Турумкулов, Супибек кызы Сабина, Турдугул уулу Эрмек, Аскар Алымкулов, Давлатгуль Ибраева, Айсулуу Расулова, Аида Жуматаева, Мопохон Раимова.

Салык кызматы жогоруда аталган жеңүүчүлөрдү лотерея уюштуруучулары менен төмөнкү номерлер аркылуу байланышууга чакырат: (0500)48-79-62, (0990)09-20-42, (0221)80-44-86.

Жеңүүчүлөр 1-ноябрга чейин байланышпаса, утуштары жокко чыгарылып, байгелер кийинки этапка өтөт. 

25-30-декабрь күндөрү лотереянын экинчи этабы өтөтанын алкагында Бишкекте 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана «Дайсон» маркасындагы 21 фен ойнотулат.

Лотереяга катышуу үчүн «Салык чек» тиркемесин жүктөп алып, катталуу жетиштүү. Андан кийин тиркеме аркылуу товар же кызмат сатып алуудан кассалык чекти сканерлөө керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM