Connect with us

УКМК блогер опузалоого шектелип кармалганын билдирди

Кыска кабар | 4 Сен 2023 | 231 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, Чүй облусунун Сокулук айылындагы мейманканалардын биринин аймагында кызматтык унаанын жүргөндүгү боюнча видеороликти таратам деп коркутуп, опузалап, акча алууга шектелген блогер кармалды.

Ал Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкеринен 60 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылууга айыпталууда.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) менен иш козголуп, 30-августта ыкчам тергөө жүрүп, блогер А. Жумагулова акча каражатын алып жатканда кармалган. Учурда тиешелүү иликтөө жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM