Биз менен байланышыңыз

УКМК: Билим берүү борборунун мурдагы башкы эсепчиси кармалды

Кыска кабар | 4 Сен 2023 | 880 | 0

Мурда козголгон ишти иликтөөнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын Свердлов райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери мамлекетти ири өлчөмдө зыянга учуратканы аныкталды.

Маалым болгондой, зыяндын суммасы 8 миллион 637 миң сом экени аныкталып, Свердлов райондук билим берүү бөлүмүнүн мурдагы башкы эсепчиси Н.М.га кылмыш иш козголгон. Аталган адам өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Учурда УКМК кызматкерлери бардык жагдайды жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо үчүн иликтөө иштерин андан ары улантууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM