Кыргызгидромет билдиргендей, 3-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,
Нарын облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27,
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +14…+16, күндүзгү жогорку температура +26…+28 градус болот.