Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айыл аймагында 275 орундуу орто мектептин ачылышына катышты.
Анда сөз сүйлөп жатып, мамлекет билим берүү тармагына жылдан-жылга өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты. Анын маалыматы боюнча, билим берүү тармагын каржылоо 2023-жылы 60,9 миллиард сомду түздү. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 23 млрд сомго көп.
Өкмөт быйыл 204 мектептин курулушун баштаганын, анын 100зү быйыл жыл аягына чейин бүтөрүн билдирди. Биринчи сентябрга карата 36 мектептин курулушу бүттү.
Кара-Суунун Отуз-Адыр айылындагы 2 кабаттуу «Октябрдын 70 жылдыгы» атындагы орто мектебин курууга 90 млн сом жумшалды.