Биз менен байланышыңыз

«Элим, барсыңбы?!» 300 балага мектеп формасын жана окуу куралдарын берди

Кыска кабар | 1 Сен 2023 | 298 | 0

Бүгүн, 1-сентябрь билим күнүнө карата «Элим, барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фондунун «Билим-Invest» долбоорунун алкагында 2023-2024- жаңы окуу жылына карата фонддун катоосунда турган 300 муктаж балдарга сумка жана окуу куралдарын тапшырды. Бул тууралуу аталган фонддун жетекчиси Айдар Кубанычбеков билдирди.

«Долбоордун максаты: үй-бүлөсүн камсыз кылууда мүмкүнчүлүгү жетишсиз болгон, көп балалуу энелер, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын, ата-эне мээриминен ажырап калган балдарды мектепке даярдоо (М: Мектеп формасы, сумка, бут кийим жана окуу куралдары). Керектуу буюмдар менен камсыз боло албай башка балдардан тартынып калбоого жана балдарды билимге умтулуусуна шарт түзүп берүү«, — деди Кубанычбеков.

“Билим-Invest” долбоору 2019- жылы башталган. Бул долбоор учурда Ош, Жалал-Абад, Талас жергесиндеги “Элим, барсыңбы?!” коомдук кайрымдуулук фондунун өкүлчүлүктөрүндө да ишке ашырылып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM