Connect with us

30-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 29 Авг 2023 | 281 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, 30-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +25…+30

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +22…+27

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +30…+32 градус жогору болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM