Биз менен байланышыңыз

26-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 25 Авг 2023 | 1222 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 26-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +29…+34

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +11…+16, күндүз +20…+25

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү температурасы +19…+21, күндүз +33…+35 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM