Биз менен байланышыңыз

Президент Садыр Жапаров казак акынына тартуулаган аргымак тууралуу түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 24 Авг 2023 | 272 | 0

Президент Садыр Жапаров 13-августта Чолпон-Ата шаарындагы Көк бөрү боюнча дүйнө кубогунун ачылышында ырдаган казак акыны Биржан Калдыбаевге ат белек кылганы боюнча сындарга жооп берди. Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген комментарийинде:

«Ырчылар, болгондо дагы төкмө акындар кай жерде болбосун ыңгайына жараша төгүп ырдай беришет. Сындап ырдашат, мактап ырдашат, бир нерсе сурап ырдашат. Андан кемчилик же саясат издөөнүн кереги жок. Болгону төкмө акын жээнимдин сөзүнө калбайын деп гана аргымак мингизе салдым. Ал эми Биржан Калдыбаев кандай акын экенин чынында мен деле билбейм. Мурда таанычу да эмесмин. Аны көчөдөгү акын дептир. Азыр көчөдөгү акын болсо балким бара-бара казак кыргыз элине таанымал акын болуп чыгып калаар? «Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет, карындагы баланын хан болоорун ким билет» дейт. Жаш бала экен. Колдоп турсаңар балким бара-бара таанымал акын болуп чыга келет. Казак менен кыргызды өзүбүздөн башка эч ким колдобойт. Бири-бирибизди колдоп турушубуз керек. Азыркы дүйнөлүк кырдаал курч болуп турат. Казак кыргыздын ортосуна чок салып жиберсек деп турган үчүнчү күчтөр дагы жок эмес. Андай адашуудан алыс болушубуз керек. Ортодогу ынтымакты бекем сактайлы. Ансыз деле аттын кашкасындай аз калкпыз»,-деди президент Садыр Жапаров.

Буга чейин Фейсбукта өзүн Казакстандагы төкмө акындар бирикмесинин өкүлү катары тааныштырган Аманжол Алтаев Кыргызстанда Биржан Калдыбаев аргымак белекке алганын сындап жазып, ал казак элинин атынан барган акын эмес деп билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM