Биз менен байланышыңыз

УКМК: Абак жетекчисинин ыкчам иштер боюнча орун басары кармалды

Кыска кабар | 24 Авг 2023 | 219 | 0

Юстиция министрлигине караштуу №53 жаза аткаруу мамлекеттик мекемесинин жетекчисинин ыкчам иштер боюнча орун басары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

17-августта  УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, арыз ээсине 25 000 сом акча каражатын кайтарып берүү учурунда  Адилет министрлигине караштуу №53 ЖАМ мекемесинин ыкчам бөлүмүнүн башчысы «И.А.С.» кармалган.

«2023-жылдын июнь айында аталган мекеменин кызматкери И.А.С. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу мекемесине кызматка орноштуруу үчүн “З.Д.З” аттуу жарандан 40 000 сом сураган жана алдын ала төлөм түрүндө 25 000 сом алган. Бирок, убакыт өткөндөн кийин, И.А.С. иш менен камсыз кылуу, ошондой эле мурда алынган каражаттарды кайтарып берүү маселесин талкуулоо аракетин ар кандай жолдор менен жокко чыгарып, арыз ээси «З.Д.З.» менен байланышты токтоткон»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган кызматкер КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM