Биз менен байланышыңыз

20-августтан тарта автобус жана троллейбустарда накталай төлөм кабыл алынбайт

Кыска кабар | 1 Авг 2023 | 545 | 0

Быйыл 20-августтан тарта Бишкек мэриясына караштуу автобус жана троллейбустарда накталай төлөмдөр жүргүлбөйт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

2020-жылдын март айынан бери швейцариялык BPC KG компаниясы борбор калаада «Тулпар» электрондук билеттерин сатуу долбоорун ишке ашырууда. Жарандардын электрондук төлөмгө ыңгайлуу өтүүсү үчүн система эки жыл ичинде акырындык менен ишке киргизилген.

Эми 20-августтан тарта муниципалдык транспортто жол киреге накталай акча кабыл алынбайт. Атайын акция боюнча жүргүнчүлөр стандарттык транспорттук картаны айдоочулардан 30 сомго сатып алса болот.

Накталай эмес төлөм ыкмаларынын төмөнкү жолдору бар:

— үч категориядагы «Тулпар» транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);

— Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;

— Виртуалдуу NFC картасы;

— Тулпар жана Balance тиркемесинде QR сканерлөө;

— Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Стандарт көк карталарын «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кеңселеринен, О! Мегаком, Билайн мобилдик операторлордун кеңселеринен жана автобус, троллейбус айдоочуларынан сатып алса болот.

Бишкек мэриясы буга чейин накталай эмес төлөм жүргүзүүнү киргизүүгө аракет кылып, бирок жүргүнчүлөрдүн даяр эместигине байланыштуу мөөнөтүн узарткан.

Бүгүнкү күндө автобус, троллейбустарда жол кире 11 сом.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM