Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги «Шашлычная №1» кафеси буздурулууда

Кыска кабар | 31 Июл 2023 | 248 | 0

Ижара келишиминин токтотулушуна байланыштуу Бишкектин Тыналиев көчөсү №2/1 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 16 000 чарчы метрди түзгөн «Шашлычная №1» кафеси буздурулууда.

Жеринде Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев, Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын жана «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда.

Мекеменин администрациясы менен сүйлөшүүлөрдөн кийин менчик ээлери объектти өз ыктыяры менен демонтаждоо милдетин алышкан.

Жер тилкелерин ижарага укук берүү боюнча комиссиянын чечими менен «Шашлычная №1» кафесинин ээлерине ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартылган. Аталган объектини курууда көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталып, райондун тургундарынын кафенин ишмердүүлүгүнө карата даттануулары орун алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM