Биз менен байланышыңыз

«Социалдык келишимдин» мыкты катышуучулары Бишкекке чакырылат

Кыска кабар | 31 Июл 2023 | 198 | 0

«Социалдык келишим» долбоорунун мыкты катышуучулары Бишкекке республикалык съездге чакырылат. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы социалдык контракттын катышуучуларынын конференциясында билдирди.

«Социалдык келишим» долбоорунун алкагында 2022-жылдан бери 13 миңге жакын аз камсыз болгон үй-бүлө бюджеттен бөлүнгөн 100 миң сомго өз ишин баштаган. Бир жарым жыл ичинде өлкө боюнча 26 миңден ашык жумуш орундары түзүлдү.

«Мал чарба тармагында 8,7 миңден ашык долбоор ишке ашырылууда. Айыл чарбасында 20 күнөскана, 70 канаттуулар фермасы, 6 балык чарбасы, 118 бал челек ачылган, өсүмдүк өстүрүү тармагында 120 долбоор ишке ашырылууда» , — деп айтылат маалыматта.

2021-жылы президент Садыр Жапаров «2026-жылга чейин Кыргызстандын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Анын негизинде «Социалдык келишим» долбоору ишке кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM