Биз менен байланышыңыз

Жеңиш чокусунда жоголгон альпинисттерди издөө уланууда

Кыска кабар | 31 Июл 2023 | 227 | 0

Жеңиш чокусун багындырууга чыгып, дайынсыз болуп жаткан альпинисттерди издөөгө 31-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 10 куткаруучусу тик учак менен 4100 метр бийиктиктеги «Түштүк Эңилчек» базасына жайгашышты.

Куткаруучулар аталган лагерде климатка ыңгайлашуу үчүн 2 күн болуп, андан соң 6000 метр бийиктикке көтөрүлүп, жоголгон альпинисттерди издешет.

Министрлик белгилегендей, 4100 метрден жогорку бийиктикте абанын температурасы -20, -30 градус суук болуп, жол кооптуу жана татаал болот.

Альпинисттер Кыргызстандагы «Аксай-Тревэл» туристтик компаниясы менен келишим түзүп, 11-июль күнү Ысык-Көл облусундагы лагерге жайгашышкан. Ошол эле күнү алар Жеңиш чокусуна жол тартып, 19-июль күнү акыркы жолу 6900 метрге жакын бийиктиктен байланышка чыгышкан. Ал эми 24-июль күнү спутник байланышы аркылуу туристтерге жардам керектигин билдирген (GPS-трекер) координат келип түшкөн.

Алынган координаттын негизинде «Аксай-Тревэл» компаниясы 24-26-июль күндөрү ижарага алган тик учак менен издөө ишин жүргүзүп, бирок ал жыйынтык берген эмес.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 27-июль күнү Орусиянын жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министрлигинен издөө иштерине көмөктөшүү боюнча расмий кайрылуу түшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM