Биз менен байланышыңыз

Элчи Улан Жусупов Англияда иштеп жаткан кыргызстандыктардан кабар алды

Кыска кабар | 31 Июл 2023 | 573 | 0

Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия бириккен королдугундагы элчиси Улан Жусупов менен Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Н.Боулер бул өлкөдө иштеп жаткан кыргызстандыктардан кабар алды.

Алар айыл-чарба ишканалары үчүн сезондук жумушчулар боюнча атайын программасынын алкагында, кыргыз жарандары иштеп жаткан Англиянын түштүгүндөгү бир катар фермаларды көрүштү.

Британия тарап Кыргызстандан келген жумушчулардын артыкчыктарын, жоопкерчилигин, адамдык сапаттарын жана миграциялык эрежелерин так сактаганын белгилешти.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн дипломаттары фермердик чарбалардын ээлери жана Hops британиялык оператору менен жолугушууларды өткөрүп, айыл чарба тармагында биргелешкен долбоорду ишке ашыруу жөнүндө сүйлөшүштү.

Келишимдерге ылайык, Кыргызстандын 18 жаштан 46 жашка чейинки жарандары Улуу Британиянын айыл чарба фермаларында келишимдер аяктагандан кийин Кыргызстанга кайтып келишет.

Британия өкмөтүнүн Кыргызстан үчүн квотасынын саны көп жана ал 2023-жылга карата 8 миң сезондук жумушчуларды түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM