Биз менен байланышыңыз

1-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 31 Июл 2023 | 212 | 0

1-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +34…+39,

Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +34…+39,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,

Нарын облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +27…+32,

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +20…+22, күндүзгү жогорку температура +37…+39 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM