Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык бильярдчы Азиз Мадаминов эл аралык мелдеште экинчи орунду алды

Кыска кабар | 31 Июл 2023 | 388 | 0

Бильярд боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык бильярдчы Азиз Мадаминов экинчи орунга ээ болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

30- июлда бильярд боюнча Орусиянын Екатеринбург шаарында «Екатеринбург башчысынын кубогу» мелдеши аяктады. Чемпионатка Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Молдовадан динамикалык пирамида боюнча 63 чебер катышты.

Кыргызстандык  бильярдчы Азиз Мадаминов финалда орусиялык Максим Зверевге 4:6 эсебинде утулуп, экинчи орунга ээ болду.

Ал күмүш медаль жана акчалай сыйлык менен сыйланды. Мелдештин негизги байге фонду 2,8 миллион рублди түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM