Биз менен байланышыңыз

Ошто индустриалдык-логистикалык парк ишке кирет

Кыска кабар | 31 Июл 2023 | 173 | 0

Жакында Ош облусунда ири индустриалдык-логистикалык парк ишке кирет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунда курулуп жаткан «ЕвроАзия ГРУПП» индустриалдык-логистикалык паркына барганда маалым болду.

Объекттин аянты 5 гектарды түзөт. Жер ички инвесторлорго колдоо көрсөтүү жана аймактардагы өндүрүштү өнүктүрүү максатында конкурстук негизде мамлекет тарабынан бөлүнгөн.

Долбоорго ылайык, объекттин аймагында үч өндүрүш аянты иштейт: трикотаж кийимдерин тигүү фабрикасы, трикотаж кездемесин токуп чыгаруу фабрикасы жана жип өндүрүү фабрикасы. Бүгүнкү күндө индустриалдык-логистикалык парктын курулушу 70% га аяктап калды.

Үстүбүздөгү жылдын IV кварталында 800 жумуш орундуу жана өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 2,1 миллион даана кийим тигүүчү фабриканын ишке кириши күтүлүүдө.  Долбоор 2,6 миллион АКШ долларына бааланган. Тигүү фабрикасынын продукциясы негизинен экспортко багытталат.

Трикотаж кездеме чыгарган фабриканын ишке кириши 2024-жылдын IV кварталына пландаштырылган. Ишкана 300 адамды жумуш орду менен камсыздайт жана күнүнө 20 тоннага чейин кездеме чыгарат. Долбоорго жатырылган каражат 18 миллион АКШ долларын түзөт.

Өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 15 тоннага чейин жеткен жип ийрүүчү фабрика 2025-жылдын III кварталынан баштап иштей баштайт. Анда 150гө жакын адам эмгектенет. Долбоордун инвестициялык салымы 3,5 миллион АКШ долларын түзөт.

Президент Садыр Жапаров долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышып, мамлекет ар дайым ак ниет ишкерлерге колдоо көрсөтүп, инвесторлорго, анын ичинен ички инвесторлорго, жагымдуу шарттарды түзүүнү улантарын баса белгиледи. Регионалдык өндүрүштөргө өзгөчө көңүл бурулат.

Жергиликтүү бийликке фабриканын өндүрүштүк муктаждыктары үчүн кошумча жер тилкесин бөлүп берүү маселесин карап чыгуу тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM