Биз менен байланышыңыз

30-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 29 Июл 2023 | 128 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 30-июлда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38,

Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,

Нарын облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +21…+23, күндүзгү жогорку температура +35…+37 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM