Биз менен байланышыңыз

УКМКнын Ош шаары жана облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Кыска кабар | 29 Июл 2023 | 281 | 0

Президент Садыр Жапаров 29-июлда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын жаңы имаратын ачты.

Садыр Жапаровдун маалыматына караганда, УКМКнын Ош шаары жана облусу боюнча башкармалыгынын эски имараты 1979-жылы курулуп, мезгил-мезгили менен оңдоо иштери жүргүзүлүп келген. Өткөн жылы 2836 чарчы метрди түзгөн 3 жаңы имарат курула баштаган. Бүгүнкү күндө объекттердин курулушу аяктап, ичинде заманбап спорт комплекси жана жаңы тергөө абагы менен пайдаланууга берилди.

Мамлекет башчы жаңыланган шарттар кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM