Биз менен байланышыңыз

АКШ сентябрда Украинага «Абрамс» танктарын жеткире баштайт

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Июл 2023 | 238 | 0

АКШ сентябрда Украинага «Абрамс» танктарын жеткирүүгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу Politico басылмасы өз булактарына таянып жазды.

Журналдын маалыматына караганда, август айында бир нече танкты Германияга жөнөтүү пландалууда. Алар ал жерде акыркы модернизациядан өткөндөн кийин Киевге жеткирилет.

АКШ Германияга «Абрамстын» эски моделдерин (M1A1) жөнөтөт. Жаңы модификациядагы (A2) танктарды жеткирүү үчүн бир нече жыл талап кылынмак, деп белгилейт Politico.

Басылмада айтылгандай, биринчи партия 6-8 танкты камтыйт. Жалпысынан АКШ Украинага 31 танкты, башкача айтканда, бир танк батальонун берүүнү пландаштырууда.

Politico жазгандай, танктарды жөнөтүүнүн кечеңдеши – украиналык танкисттерди даярдоого жана «Абрамстарды» Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн муктаждыктарына жараша чопкуттоо зарылчылыгына байланыштуу.

Азыр Украина контрчабуул учурунда Германиянын «Леопард» танктарын колдонуп жатат. Британиялык «Челленджер» танктары да украин армиясына жеткирилген. Бирок алар фронтто көрүнө элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM