Биз менен байланышыңыз

Бомба тууралуу жалган маалымат таратууга шектүү окуучу аныкталды

Кыска кабар | 28 Июл 2023 | 724 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 28-29-март күндөрү Бишкектеги мектептердин бирине жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу бир нече жолу кабарлаган «телефон террористи» аныкталганын кабарлады.

Ал мектептердин биринин 9-классынын окуучусу А.А.А. болуп чыкты. Бейбаштык кылып Бишкек шаарынын гимназия мектебинин электрондук дарегине abelozerov5151@inbox.ru фейк аккаунтунан жалган билдирүү жөнөткөн.

Өзүнүн планын ишке ашыруу үчүн окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында видеооюндардын бири аркылуу жасалма чет элдик аккаунтту сатып алып, андан көрсөтүлгөн мектепке эки жолу анонимдүү билдирүү жөнөткөндүгү аныкталды.

Окуучунун жашаган жеринде иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, компьютердик техникалар жана уюлдук телефондор алынып, экспертизага жөнөтүлдү.

Ата-энесинин катышуусунда жүргүзүлгөн сурак учурунда бомба тууралуу жалган маалымат берген окуучу эки жолу кылган мыйзамсыз аракетин моюндап, кылган ишине өкүнөөрүн айткан.

УКМК Бишкек шаарындагы башка коюлган бомбалар тууралуу анонимдүү маалыматтардын ушул сыяктуу фактыларына бул окуучунун тиешеси бар-жоктугу текшерилип жатканын кабарлады.

Атайын кызмат мындай аракеттер Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ылайык, бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазалана турганын эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM