Биз менен байланышыңыз

Иса Өмүркулов Орунтаевден мыйзамсыз курулушту бузбоону өтүнгөн

Кыска кабар | 28 Июл 2023 | 1588 | 0
Сүрөт: Бишкек мэриясы

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы мэрдин орун басары  Нурдан Орунтаевдин төрагалыгы алдында Октябрь районунун аймагындагы эскиздик долбоорлорго туура келбеген кире бериш топторду, ошондой эле уруксатсыз кошумча курулган курулуштарды бузуу иштерин улантууда.

Кулатов көчөсү менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилишинен баштап  М.Горький көчөсүнө чейин жалпы аянты 180 чарчы метрди түзгөн 20 бастырма буздурулду. Ошондой эле жарнамалык конструкциялар алынды.

Түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин мыйзамсыз орнотулган объектилердин ээлери өз ыктыяры менен алышат.

Буга чейин башкармалык тараптан муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөр  берилген.

Akipress маалымат агенттиги жазгандай, Байтик Баатыр 65 дарегиндеги мыйзамсыз курулган курулуштарды демонтаждоо иштери жүрүп жатканда мурдагы мэр Иса Өмүркулов келип, курулушту бузбоону Нурдан Орунтаевден суранган, бирок вице-мэр макул болбой, бузуу иштери уланган. Бул маалыматты Нурдан Орунтаев да тастыктады.

Иса Өмүркулов 2011-2013-жылдары Бишкектин мэри болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM