Connect with us

Чолпон-Атада эс алуучу жайлар жана суу аттракциондорунун коопсуздугу текшерилүүдө

Кыска кабар | 28 Июл 2023 | 324 | 0

Чолпон-Атада моторлуу кайыктын жашы жете элек айдоочусу эки эс алуучунун өлүмүнө себепкер болгон окуядан кийин мекемелер аралык жумушчу топ 200дөн ашуун пансионатты текшерди. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү жана башка жетекчилер кирген топ эс алуучулар менен суу транспортунун жана аттракциондордун ээлеринин арасында коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жалпысынан 229 эс алуу жайы, 196 жеке эс алуу жайы, 29 суу транспортунун ээси, 5 суу аттракциону текшерүүдөн өттү. Анын ичинде 25 мыйзам бузуу фактысы аныкталып, материалдар Кылмыш-жаза кодексине ылайык чара көрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилди.

Курортторду, суу транспортунун ээлерин жана аттракциондорду текшерүү уланууда.

Чолпон-Атада эки эс алуучунун өлүмүнө себепкер болгон моторлуу кайыктын 16 жаштагы айдоочусу 26-июлда Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен кое берилген. Шектүүнүн жашы жете электигин, туруктуу жашаган жери жана өздүгүн тастыктоочу документи бар экени, жасаган кылмышы этиятсыздыктан жасалган кылмыштарга кире турганы эске алынган.

Мындан тышкары жабырлануучулар катердин айдоочусун ачык айыптоодон баш тартышкан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM