Бишкек шаарынын мэриясында 1 млрд 778 млн 355,6 миң сомдук финансылык бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын 27-июлдагы жыйынында маалым болду.
Бишкек шаарынын 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүлгөн.
Каржылык мыйзам бузуулардын ичинен:
-1 282,3 миӊ сомго товардык-материалдык баалуулуктардын жетишпестиктери аныкталган.
-1 760 667,2 миӊ сом каражатты чыгымдоодо бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. Анын ичинде:
— эмгек акыны негизсиз төлөөлөр – 917297,9 миӊ сом;
— товардык-материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруулар – 8880,8 миӊ сом;
— иш сапар чыгымдары беренеси боюнча ашыкча төлөмдөр – 635,2 миӊ сом;
— курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүн негизсиз ашыкча жогорулатуулар – 12 891,3 миӊ сом.
— мамлекеттик каражаттардын максатсыз пайдалануулар – 441,3 миӊ сом;
— «Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасында максатсыз пайдаланылган каражат – 3264,9 миң сом;
— жашырылган дебитордук карыздар жана ашырылган кредитордук карыздар – 12 232,4 миӊ сом;
— бюджеттин башка бөлүгүнө республикалык бюджеттен 805 000,0 миң сом негизсиз бөлүнгөн.
— бюджетке кошумча чегерилген кирешелер – 15 989,2 миӊ сомду түзгөн.
— социалдык фонддун кошумча чегерилген кирешелери – 440,3 миӊ сом.
Бюджеттин резервдери жана жоготуулары – 5 034 251,1 миӊ сом. Анын ичинде:
— товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык чыгымдары – 2 456,2 миӊ сом;
— бюджеттик уюмдарды ашыкча каржылоолор – 128 224,1 миӊ сом;
— эмгек акы төлөөдө бузуулар – 281 613,6 миӊ сом;
— бюджеттин башка резервдери жана жоготуулары – 4 621 957,2 миӊ сом;
Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 1 171 181,1 миӊ сом, анын ичинде:
— пландалган максатына жетпестен, белгилүү бир иш-чараларга чыгымдалган каражаттар – 188 102,6 миң сом;
— товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык корлору жана эсептердеги каражаттардын калдыктары – 983 000,0 миӊ сом.
— Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруудагы бузуулар 78,5 миң. сомду түздү.
Коомдук жана башка уюмдарда аныкталган финансылык бузуулар — 42 454,8 миң сом.
Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым каржылык мыйзам бузууларды камтыган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.