Биз менен байланышыңыз

Президент Жалал-Абад шаарында Сот адилеттиги үйүн ачты

Кыска кабар | 27 Июл 2023 | 225 | 0

Бүгүн, 27-июлда Жалал-Абад шаарында Сот адилеттиги үйүн ачылды. Анын ачылышына облуска иш сапары менен барган президент Садыр Жапаров катышты.

Жалал-Абад шаарындагы Сот адилеттиги үйү аянты 8640 чарчы метрлик мурдагы университеттин үч кабаттуу имаратында жайгашкан, 2022-жылы ал Жалал-Абад облустук сотунун балансына өткөрүлүп берилген.

Мамлекеттик бюджеттин эсебинен аталган обьектиге 40 миллион сомдон ашык каражат жана президенттин резервдик фондунан кошумча 14 миллион сом жумшалып, тиешелүү реконструкциядан өткөнү кабарланды.

Сот адилеттиги үйүндө жети орган жайгашкан: Жалал-Абад облустук, Жалал-Абад шаардык, Жалал-Абад облусунун административдик соттору жана Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы, анын кызматтык бөлүмдөрү.

Жети органды бир имаратка жайгаштыруу менен курьердик чыгымдар жоюлуп, бюджет каражаты кыйла үнөмдөлсө, жалпы жарандар үчүн “Бирдиктүү терезе” принцибиндеги шарт түзүлдү. Орто эсеп менен Сот адилеттиги үйү бир күндө 350-400 жаранды кабыл алат.

2023-жылдын март айында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында алгачкы Сот адилеттиги үйү ачылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM