Биз менен байланышыңыз

Бакировдун мандаты. Административдик соттун чечими күчүндө калтырылды

Кыска кабар | 27 Июл 2023 | 512 | 0

Бишкек шаардык соту 26-июлда Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу Бишкектин административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаарынын административдик соту 7-июндагы чечими менен №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду аталган округдан депутат болуп шайланды деген БШКнын чечими да  жокко чыгарылган.

2021-жылдын ноябрь айында Өмүрбек Бакировдун шайлоо штабынын жетекчисине добуш сатып алуу боюнча айып тагылган. 2022-жылдын декабрында депутатткка талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү Равшанбек Рысбаев сотко кайрылып, Бакировду мандатынан ажыратуу боюнча арызданган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM