Биз менен байланышыңыз

Нигер: Аскерлер президент бийликтен четтетилгенин билдиришти

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июл 2023 | 317 | 0

Нигердеги аскерлер тобу улуттук телеканал аркылуу билдирүү жасап, өлкөнүн президенти Мохамед Базум бийликтен четтетилип, чек аралар жабылып, өлкөдө коменданттык саат киргизилгенин билдиришти. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

26-июлда Нигердин президенттик гвардиясы өлкө башчысы Мохамед Базумду резиденциясынан чыгарбай камап турганы кабарланган. Алгач президенттин кеңсеси козголоңду армия да, Улуттук гвардия да колдобогонун билдирген. Бирок бир нече сааттан кийин Базум бийликтен четтетилгени жөнүндө кабар тарады.

Кийинчерээк абалды жөнгө салууга ортомчулук кылуу үчүн Нигерге Бениндин президенти Патрис Талон учуп кеткени белгилүү болгон.

Jeune Afrique басылмасынын булактары билдиргендей, козголоңго Базумдун президенттик гвардиянын командири, генерал Омар Тчианини кызматтан алуу ниети себеп болгон болушу мүмкүн. Тчиани бул кызматта мурдагы президент Махамаду Иссуфунун тушунан бери иштеп келет.

Мохамед Базум 2021-жылы президент болуп шайланган. Ага чейин Ички иштер жана Тышкы иштер министрликтеринин башчысы кызматтарында иштеген.

Нигер – Франциянын Батыш Африкадагы мурдагы колониясы. Өлкө жаратылыш ресурстарына бай. Дүйнөдөгү уран запасынын 7% дал ушул мамлекетке туура келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM