Биз менен байланышыңыз

28-июлда көпчүлүк аймакта өткүн өтөт

Кыска кабар | 27 Июл 2023 | 207 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 28-июлга караган түнү Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +29…+34,

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +31…+36,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27,

Нарын облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27,

Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү температурасы +22…+25, күндүзгү жогорку температура +30…+33 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM