Биз менен байланышыңыз

Кытайдын колдоосу менен 600 адамдын көзүнө бекер операция жасалат

Кыска кабар | 27 Июл 2023 | 252 | 0

Саламаттык сактоо министри Кытайдын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушуп, саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкө ортосунда ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөр болгон.

Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Эл аралык кызматташтык борборунун ушул жылдын сентябрь айында «Экспресс ден соолук» долбоорун ишке ашырат.

Бул долбоордун алкагында 600 кыргызстандыкка катаракта илдетине бекер операция жасалса, анын ичинен Бишкекте 300, Ошто дагы 300 операция жасоо пландалууда. Операциялар Улуттук госпиталдын жана Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын базасында жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM