Биз менен байланышыңыз

Сурамжылоого катышкандар кайсы радионун жаңылыктарына ишенерин айтышты

Кыска кабар | 27 Июл 2023 | 287 | 0

АКШнын Эл аралык республикалык институту — IRI уюму жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 81 пайызы саясий маалыматтарды интернеттен, 48 пайызы теледен, 30 пайызы тууган, досторунан, 6 пайызы радиодон, 6 пайызы кесиптештеринен, 5 пайызы гезиттерден алаарын айтышкан.

IRI уюму быйыл 5-майдан 25-майга чейин бетме-бет маектешүү жолу менен сурамжылоо жүргүзгөн. Ага Кыргызстандагы 18 жаштан жогору курактагы 1500гө жакын адам катышкан.

Респонденттердин 20 %ы маалыматты ютубдан, 11 %ы инстаграмдан, 7 %ы фейсбуктан, 4 %ы «Азаттыктан», 3 %ы вотсаптан, 2 %ы Akipress маалымат агенттигинен жана башка агенттиктерден ала турганын билдиришкен.

«Кайсы радионун саясий жаңылыктарына жана маалыматтарына көбүрөөк ишенесиңер?» деген суроого сурамжылоого катышкандардын 2 пайызы «Азаттык» радиосун айткан. Андан кийинки орундарда «Кыргызстан обондору», «Эл ФМ», «Биринчи радио», «Марал ФМ», «Санжыра» радиолору бар.

Телеканалдардын ичинен респонденттердин 23 пайызы УТРКнын, 8 пайызы ЭлТР, 6 пайызы «Ала-Тоо 24», 3 пайызы Ош ТВ каналдарынын жаңылыктарына жана саясий маалыматтарына ишенерин айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM