Биз менен байланышыңыз

Орусиянын коргоо министри Шойгу Ким Чен Ын менен жолугушту

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июл 2023 | 249 | 0

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Пхеньянга жасаган иш сапарынын алкагында Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугуп, дүйнөлүк жана аймактык коопсуздук боюнча пикир алмашты.

Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигине таянып РИА Новости маалымат агенттиги 27-июлда кабарлады.

Сергей Шойгу корей элинин 1950-1953-жылдардагы Ата Мекендик боштондук согуштагы жеңишинин 70 жылдыгына арналган аскердик парадга да катышат. Анын алкагында Ким Чен Ын Шойгуга америкалыктарга окшош жаңы дрондорду көрсөттү.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 25-июлда Түндүк Кореяга расмий сапар менен барган. Корея тарап жолугушууларда «өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана коопсуздугун коргоо үчүн Орусиянын армиясынын жана элинин адилет күрөшүн толук колдой турганын», ошондой эле «Орусиянын жетекчилиги астында күчтүү өлкө курууда ийгиликтерди каалай турганын билдирген.

“Бул сапар Орусия менен Түндүк Кореянын аскердик байланыштарын чыңдоого жардам берет жана эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүдө маанилүү этап болуп калат” , — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM