Биз менен байланышыңыз

Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыска кабар | 27 Июл 2023 | 200 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттик администрациядан кабарлашты.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам прокуратура органдары тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүргүзүүдө коррупциялык көрүнүштөрдүн жана кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алуу, прокуратура органдарынын тергөө жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарын алып салуу жолу менен укук коргоо органдарынын системасында тең салмактуулук принцибин камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Кабыл алынган Мыйзам менен тергөө жүргүзүү боюнча прокуратура органдарынын функцияларын алып салуу жана тергөө аскердик прокуратуранын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлүп жаткан аскер кызматчылары, ошондой эле жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөр тарабынан жасалган жазык иштери боюнча тергөөнү кошпогондо, аларды ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрүнө өткөрүп берүү болуп саналат.

Аталган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM