Биз менен байланышыңыз

Чүйдө синтетикалык каражаттарды өндүргөн баңги лаборатория табылды (видео)

Кыска кабар | 27 Июл 2023 | 298 | 0

Чүй облусунда эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, кармалгандар 2003-жылы туулган Д.Н. жана 2003-жылы туулган С.Т. аттуу жарандар болгон. Алардын «Киа Оптима» унаасынын багажында кара түстөгү желим баштыктан болжол менен салмагы 11 кг 750 гр болгон 47 таңгактагы мефедрон синтетикалык баңгыизаты табылган. Алар аны белгисиз адамдарга сатууну көздөшкөн.

Мындан тышкары, жогоруда жарандар жашаган үйүндө мефедрон психотроптук затын даярдоочу баңги лаборатория табылган. Тинтүү учурунда болжолдуу салмагы 100 граммды түзгөн мефедрон психотроптук заты, жеке коргонуу каражаттары, таразага тартуу жана таңгактоо каражаттары, ошондой эле химиялык реактор, психотроптук заттарды өндүрүү үчүн колдонуу үчүн 2 тоннадан ашык прекурсорлор жана башка буюмдар табылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM