Биз менен байланышыңыз

Икрамжан Илмиянов «Лейлек районунун ардактуу атуулу» болду

Кыска кабар | 26 Июл 2023 | 268 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов «Лейлек районунун ардактуу атуулу» деген сыйлык алды. Бул тууралуу Turmush басылмасы Лейлек райондук администрациясына таянып жазды.

Лейлек райондук администрациясы 24-июлда ишмердүүлүгүнүн биринчи жарым жылдыктагы жыйынтыгын чыгарган. Анда райондун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов жана башкалар «Лейлек районунун ардактуу атуулу» наамын алышты.

Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын октябрь айында камакка алынган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал жеке компаниядан 150 миң доллар алган деп айыпталган.

Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечимине ылайык, жети жылга эркинен ажыратылган. Ал Кылмыш кодексинин «өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык» беренеси боюнча кесилген. Илмиянов өзүнө тагылган айыптардын бирин да мойнуна албай турганын айтып келген.

Бишкек шаардык соту Октябрь райондук сотунун чечимин өзгөртүп, Илмияновдун жазасын беш жыл алты айга чейин кыскарткан.

Мындан үч жыл мурун «Улуу Жеӊиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» мыйзамга ылайык, Илмияновдун жазасынын үчтөн бир бөлүгү кыскарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM