Биз менен байланышыңыз

Кытайдын соту пара алууга айыпталган аткаминерди өлүм жазасына кести

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Июл 2023 | 387 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Кытайда сот Ханчжоу электрондук коммерция борборунун коммунисттик партиясынын мурдагы жетекчиси Чжоу Цзяньонго пара алганы үчүн шарттуу түрдө өлүм жазасын берди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазды.

Tengrinews.kz басылмасы South China Morning Post басылмасына шилтеме берүү менен аткаминер алган паранын жалпы суммасы болжолдуу түрдө 25 миллион долларды түзөрүн маалымдады.

Ошол эле учурда анын жазасы өмүр бою эркинен ажыратуу менен алмаштырылышы мүмкүн экени да айтылууда. Мындан тышкары, саясий укуктарынан ажыратылып, мүлкү конфискацияланат.

Электрондук коммерция борборунун мурдагы жетекчиси Кытайдын Чжэцзян провинциясындагы эң жогорку кызмат адамы.

Тергөө чиновниктин коррупциялык схемаларга катышканын далилдеген. Маалыматка караганда, ал уюмдардан жана жеке адамдардан акча алып, жер маселесин чечүүгө жардам берип, курулуш долбоорлорун ишке ашырууга көмөктөшкөн.

Ал 2001-жылдан бери ушундай келишимдерге кол коюп келген. Ошол учурда ал райондук соттун башчысынын орун басары кызматында болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM