Биз менен байланышыңыз

27-июлдун аба ырайы

Кыска кабар | 26 Июл 2023 | 280 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 27-июлга караган түнү Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +33…+38,

Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +34…+39,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32,

Нарын облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32,

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү температурасы +22…+26, күндүзгү жогорку температура +36…+38 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM