Биз менен байланышыңыз

Быйыл 269 кыргызстандык Түштүк Кореяда ишке орношту

Кыска кабар | 26 Июл 2023 | 237 | 0

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын эмгек министрлери кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Документтин максаты, иш менен камсыз кылуу, кесиптик даярдоо жана эмгекти коргоо жаатындагы саясатты иштеп чыгуу.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, Кореянын иштөөгө уруксат берүү системасынын (EPS) алкагындагы кызматташтык жакшы натыйжаларды көрсөтүүдө.

Жалпысынан 5 миңдей кыргызстандыктын Кореянын ишканаларында иштөөсүнө эмгек келишими түзүлгөн. Өткөн жылы 888 адам, быйылкы жылдын башынан бери 269 адам жумушка орношкон. Корея тарап квотаны көбөйтүүнү карап жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM