Таластын Ч.Айтматов районундагы Киров суу сактагычына түшүп кеткен 22 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка карганда, куткаруучулар табылган сөөктү ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өтөрүп беришкен.
22 жаштагы жигит 23-июлда эс алуу учурунда сууга чөгүп кеткен.