Биз менен байланышыңыз

Жер тилкелери боюнча алдамчылык кылган аткаминерлер кармалды

Кыска кабар | 25 Июл 2023 | 265 | 0

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун кызмат адамдары жер тилкелери боюнча алдамчылык менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Ноокен районунун аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жасалма чечимдери менен жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча көптөгөн фактылар, ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлерге трансформациялоосуз жеке турак жай куруу үчүн шаар куруу жана укук белгилөөчү документтерди мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды.

21-июлда жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынын директору М.Ж.И., ушул эле мекеменин жерге жайгаштыруу боюнча адиси М.Р.А., Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн адиси Т.Б.А. жана Ноокен айыл аймагынын мурдагы башчысы Э.Ж.Н. кармалды.

Азыркы учурда бул мыйзамсыз аракеттерди жасоого башка кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM