Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режими киргизилет

Кыска кабар | 25 Июл 2023 | 189 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргызстандын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Мындай чечим Нарын дарыясынын бассейнине суунун аз киришине, энергияны керектөө тездик менен өсүшүнө байланышкан энергетикалык кризистен улам кабыл алынды.

1-августтан тарта 2026-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө колдонулуучу өзгөчө кырдаал режими жарыяланат. Министрлер кабинети энергиянын кошумча булактарын пайдалануу үчүн жарактуу жер участокторун аныктоо жана бөлүп берүү укугун Энергетика министрлигине берет.

Өзгөчө кырдаал режими колдонулган мезгилде энергетика министрлигине өзгөчө укук берилет. 

Энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштап, аны өкмөт колдогон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM